super.kg logo

Салык кызматы кадрлар резервине ачык сынак жарыялады (талаптар)  

 

Мамлекеттик салык кызматы кадрлар резервине ачык конкурс жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда кабарлады.

Ага ылайык, Мамлекеттик салык кызматы ведомствонун кадрлар резервине кирүү үчүн административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже тобуна ачык сынак жарыялайт.

Резерв бир нече блоктон турат, анда жогорку билим профилине, иш стажына жана ар бир блокко карата тиешелүү чөйрөдө көндүмдөрдүн жана жөндөмдөрдүн болушуна талаптар коюлат.

"Ачык конкурска катышууну каалагандар талап кылынган документтерди тапшырып, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен компьютердик тестирлөөдөн өтөт. Андан тийиштүү балл топтогондор менен маектешүү болот.

Конкурстун бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн талапкерлер Салык кызматынын кадрлар резервине киргизилет", - деп жазылат маалыматта.

Арыз берүүнүн мөөнөтү 31-январга чейин.

Сынакка катышуунун шарттары жана толук маалымат шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: