super.kg logo

ТИМ Екатеринбургда күч органдары мигранттарга орой мамиле кылган видео боюнча үн катты

 

Орусиянын Екатеринбург шаарында жүргүзүлгөн рейд учурунда үч курулуш объектисинде 150 чет элдиктин ичинен Кыргызстандын 40 жаранынын документтерин текшерүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери жергиликтүү полиция органдарына, чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга жана курулуш объектилерине барышкан.

Анда Кыргызстандыктар тарабынан миграциялык мыйзам бузуулардын аныкталбаганы жана аларга карата Орусиянын аймагынан административдик түрдө чыгаруу боюнча чечим кабыл алынбаганы маалым болгон.

"Рейд болгон жерден массалык маалымат каражаттарына тараган кадрларда Кыргызстандын үч жараны тартылган. Биздин жарандардын айтымында, текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн жарандары качып, укук коргоо кызматкерлеринен жашынууга аракет кылышкан. Ушуга байланыштуу полиция тарабынан качкан чет элдик жарандарды кармоо, ошондой эле текшерилип жаткандардын эркин жүрүүсүнө чектөө чаралары көрүлгөн.

Кыргызстандын жарандары укук коргоо органдарынын аракеттерине каршы арыз жазуудан баш тартты. Орусиянын Свердлов облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова менен консультациялар жүргүзүлүп, ал укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн рейд боюнча териштирүү болорун билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Екатеринбургда курулушта мыйзамсыз иштегендерди издөө учурунда милиция жана прокуратура кызматкерлеринин чет өлкөлүк жумушчуларга орой мамиле жасаганы тартылган видео тараган.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: