Билим берүү министри иш сапары менен Ошко барды



Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева иш сапары менен Ош облусунун Ноокат районуна барды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Ноокат районундагы Төөлөс айыл аймагында жайгашкан Герейт-Шорон орто мектебинин эмгек жамааты жана ата-энелер менен жолугушту.
Ага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Ш.Козубаев, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Н. Зульпиева, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматов, мугалимдер жана ата-энелер катышканы айтылат.
"Анда министр өлкө аймагында билим берүү тармагындагы жасалып жана күтүлгөн реформалар, аларды ишке ашыруудагы максаттуу жана натыйжага багытталган аракеттер жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле жолугушуунун соңунда курулушу токтоп турган Герейт-Шорон орто мектебинин жаңы окуу имаратынын курулуш иштери менен таанышып, аны жандандырууга аракеттер жасаларын билдирип өттү", - деп жазылат анда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.