super.kg logo

Майыптыгы бар балдарга жөлөк пулду кантип алса болот? Министрликтин жообу

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдардын майыптыгы боюнча жөлөк пул алуу үчүн кандай документтер керектигин тизмектеп берди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын башына карата 18 жашка чейинки 37 миң 494 бала майыптыгы боюнча жөлөк пул алышат.

"18 жашка чыга элек майыптуулугу бар балага ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдарды алуу үчүн жашаган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылуу зарыл. Арызды ата-энеси (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлдөчүүлөр) тапшырат. Эгерде бала өзүнчө жашаса, анда ата-энеси жашаган жери боюнча кайрылса болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Арыз тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- арыз ээсинин паспорту;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана);
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыкты тастыктаган маалыматы.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2021-жылдын күз мезгилинен бери жөлөк пул эки этап менен 100 пайызга көтөрүлүп, учурда майыптыгы бар ар бир балага 8000 сомдон төлөнө тургандыгы кошумчаланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: