Кыйраган тик учактан балалуу болгон жылдыздарга чейин. Апта ичинде орун алган окуялар
SUPER.KG порталы Кыргызстанда апта ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салып, 15-21-январь аралыгында болгон негизги жаңылыктарды тизмектейт.
Үч адамдын өлүмүнө айыпталган Аширалиевге шаардык сот өкүм чыгарды
15-январда Бишкек шаардык сотунда үч адамды өлтүргөн деп айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Аширалиевдин жактоочусунун апелляциялык арызын кароо уланды. Анда шаардык сот биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.
Октябрь райондук соту былтыр 3-ноябрда айыпталуучу Чынтемир Аширалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Адам өлтүрүү) 1 (эки же андан ашык адамды), 3 (алсыз абалдагы адамды же баланы), 7 (өзгөчө мыкаачылык менен), 12-пункттары (пайда көздөө максатында) менен күнөөлүү деп таап, үч адамды атайылап өлтүргөн деп, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан. Ошондой эле Аширалиев жабырлануучу тарапка моралдык зыян келтиргени үчүн 3 миллион сом жана материалдык чыгым тарттырганы үчүн 671 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин жыйынына келди
16-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берди. Эл өкүлү айланасындагы жагдай боюнча айтып, кесиптештеринен соттун өкүмү чыкканча сындабай турууну суранды.
"Тергөө иштери аяктаганда сотко барат, ал жакта менин дагы маалыматтарым болот. Бардыгын угуп, соттун өкүмү чыкканда сын-пикир айтсак. Ата-энем, үй-бүлөм бар, аларды, өзүмдү да ыңгайсыз абалга коюп жатабыз. Башка иш түшсө карайлап калат экенсиң", - деди ал.
9-январда Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алган. Ал эми 10-январда эл өкүлүнүн Ак үйдүн терезесинен секирип качкан видеосу тараган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында анын кармалбай турганын айтып, иши сотко өткөндөн кийин актыгын сотто далилдеши керек экенин билдирген. Ал эми 12-январда депутаттын УКМКга сурак берип чыкканы белгилүү болгон.
Кыргыз футболчулары Таиландга жеңилип калды
16-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында Таиланд курамасы менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңилип калды. Оюндан кийинки маалымат жыйында "Ак шумкарлардын" башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Кыргыз курамасынын жеңилүүсү айып аянтчаларда жетиштүү деңгээлде ишенимдүү ойной албагандыктан болгонун айтты. Ал эми бүгүн, 21-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында Сауд Арабияга каршы ойнойт. Оюн Эр-Райян шаарындагы "Ахмед бин Али" стадионунда өтөт. Бишкек убактысы боюнча беттеш саат 23:30да башталат.
11 журналист 2 айга камакка алынды
15-январда УКМКнын кызматкерлери 24.kg агенттигинин кеңсесин тинтип, басылманын башкы директору Асел Оторбаеваны жана редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарды күбө катары суракка алды. Атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренесинин (“Согушту пропагандалоо”) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча агенттиктин кеңсесинде тинтүү жүргөнүн маалымдады.
16-январда болсо Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздикке чакыруу, ага тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу) боюнча кылмыш ишин козгоп, он бир журналистти кармады. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин эки айга тергөө абагына камакка алды.
Садыр Жапаровдун кезектеги маеги
15-январда президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жараткан бир катар окуялар боюнча суроолорго жооп берди. Өлкө башчы 1-январда "Ала-Тоо" аянтына илинген туура эмес желектен трагедия издештин кереги жок экенин баса белгиледи.
19-январда Садыр Жапаров 11 журналисттин эки айга камалганы тууралуу пикирин билдирди. Мамлекет башчы көз карандысыз журналистиканы колдоо үчүн бөлүнгөн гранттык каражаттар туура эмес багытта колдонулуп жатканын айтты.
Кызамыктан 9 бала чарчап калды
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тогуз бала кызамыктан чарчап калганын 17-январда парламенттеги жыйында билдирди. Министр өлкөдө баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны 22 миңге жеткенин, алардын көбү диний түшүнүктөн улам экенин белгилеп, бул маселе боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен иш жүрүп жаткандыгын айтты.
Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү аталык укуктан ажыратылды
17-январда кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов аталык укуктан ажыратылды. Бирок айыпталуучу соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга арыздана турганын билдирди. Былтыр 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Учурда мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилеп салган Эстебесовду өмүрүнүн акырына чейин эркиндигинен ажыратууну талап кылып, change.org сайтында кол топтолууда.
Бишкекте тик учак кулап, экипаждын командири каза тапты
17-январда 23 565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8 тик учагы саат 11:00 чамасында Достук айылына жакын жерде кулап, кырсыктан экипаждын командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркады. Бул окуядан кийин бир катар жооптуу кызматкерлер кызматынан убактылуу бошотулду. Коргоо министрлиги кызматтык териштирүү башталганын, кырсык машыгуу учурунда болгонун билдирди.
"Берекет" базарынын жетекчилери кармалды
19-январда УКМК тарабынан Бишкектеги "Берекет" базар комплекстеринин негиздөөчүсү жана башкы директору кармалды. Мекеменин маалыматына караганда, ЖАКтын администрациясы соодагерлерди соода-сатык келишимдерин түзүүдө жеке максаттарын пайдаланып 500дөн 1000 долларга чейин көмүскө компенсацияларды төлөөгө мажбурлаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 19-январда "Берекет" ЖАКтын негиздөөчүсү Болотбек Бегалиев менен ЖАКтын президенти Индира Абласова кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сузакта аялын балка менен урган жаран кармалды
20-январда Сузакта аялына зомбулук көрсөткөн жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалыматка ылайык, Сузак районунун тургуну, 38 жаштагы келинди үйүндө 49 жаштагы жолдошу башы менен көзгө сүзүп, бетке чаап жана бөлмөдө турган балка менен желке тарабына уруп денесине жараат келтирген. Натыйжада келин денесинен алган жараатынан улам аймактык ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары уланууда.
Балалуу болгон шоу-бизнес өкүлдөрү
Бул аптада ырчы, обончу Мирбек Иманбеков кыздуу болсо, ал эми кечээ, 20-январда ырчы Назира Токонова көз жарды.
