super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды

 

Бүгүн, 2013-жылдын 18-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Мамлекет башчысына учурдагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана өлкөнүн энергетикалык системинин  абалы, кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча энергетиктер көрүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Министр Осмонбек Артыкбаев Президент Алмазбек Атамбаевге Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын жана «Датка-Кемин» ЛЭП курулуштары боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы, Камбар-Ата ГЭС-1 курулушун баштоого даярдык көрүү иштеринин жүрүшү жана өлкөнүн газтранспорттук инфраструктурасына стратегиялык инвестордун кирүү процесси тууралуу  айтып берди.

Мамлекет башчысы  кыш мезгилин  ийгиликтүү өткөрүүнүн маанисин жана  калкты электр, жылуулук менен камсыз кылуу боюнча келип чыккан маселелерди биринчи кезекте чечүү үчүн энергетиктердин кошумча аракеттерин жумшоо зарылчылыгын баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев министрдин көңүлүн белгиленген бардык долбоорлорду өз мөөнөтүндө ишке ашырууну жана өлкөнүн энергетикалык системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу зарылчылыгына бурду.

Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: