АКШда катуу суукта 90го чукул адам набыт болду



АКШда өткөн аптадагы ызгаарда 89 адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, катуу сууктан жана шамалдан Теннесси штатында кеминде 25 адам, ал эми Орегондо 16 адам каза болгон. Он миңдеген адам электр жарыгысыз калып, аймактарда суу түтүгүнүн жарылуусунан суу көйгөйү да жаралганы айтылууда.
Синоптиктер сууктун күчү келерки аптада кайта баштайт деп кабарлашкан.
Буга чейин АКШнын көпчүлүк аймактарында 12-январдан тарта абанын температурасы -34,4 градуска чейин төмөндөп, ызгаардуу суук болуп жаткандыгы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.