Анталияда бир апта ичинде алтынчы адамдын сөөгү табылды. Бийлик болжолдуу версиясын айтты
Түркиянын Анталия шаарындагы пляждан акыркы бир апта ичинде алтынчы адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Анталия шаарынын бийлиги пляждардан бир аптада табылган алты адамдын кеминде бешөө декабрь айында мигранттар менен болгон кайык кырсыгынын курмандыгы болушу мүмкүн деп божомолдогон.
Табылган бардык сөөктөр соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Шаар жетекчилиги акыры соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен окуянын чоо-жайы белгилүү болорун белгиледи.
Табылган беш жансыз денедеги кийим жана бут кийимдер Сирияда өндүрүлгөнү аныкталган.
2023-жылдын 11-декабрында Кипрди көздөй бара жаткан кеме чөгүп кеткен. Кеменин бортунда 90 мигрант бар болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.