Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон Мухамедаалы: Бүгүн издөөгө 273 куткаруучу чыкты






Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө кайрадан улантылып, ага 273 куткаруучу чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулардын 163ү ӨКМдан, алар 5 дрону, 10 техникасы менен капчыгайда издөө ишин баштады. Ал эми ИИМдин 110 кызматкери 1 дрон, 4 техникасы менен издөө ишине тартылган.
Белгилей кетсек, 14-январь күнү Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М.уулу дайынсыз жоголгон. Министр Бообек Ажикеев дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алып, куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койгон. 20-январда издөө иштери убактылуу токтотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.