super.kg logo

"Берекет Универсал" базарында мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 8,5 миң куту тамеки алынды

 
Бишкектеги «Берекет Универсал» базарынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8,5 миң куту тамеки алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган кызмат ИИМ менен биргеликте Бишкек шаарындагы "Берекет Универсал" соода борборунда контрафакттык тамекини сатуу фактысын аныкташып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 миң 545 куту тамеки алынган.
Ага ылайык, ишкерлерге карата өлкө мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
"Акциздик маркалары жок 500 даанага чейин тамеки саткандарга 65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашык тамеки үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК тарабынан аталган соода борборунун жетекчилери кармалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: