super.kg logo

Өлкөдө жыл башынан бери кызамык оорусунун 536 учуру аныкталды

 
Өлкөдө ушул айдын башынан бери кызамык оорусунун 536 учуру аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаары – 177 учур, Ош шаары – 9 учур, Чүй облусу – 132 учур, Жалал-Абад облусу – 130 учур, Ош облусу – 75 учур, Баткен облусу – 5 учур, Ысык-Көл облусу – 5 учур, Нарын облусунда – 3 учур.
"Урматтуу ата-энелер! Кызамык оорусу татаалдашуусу менен кооптуу. Эгерде шектенүү пайда болсо, туура диагноз коюу жана натыйжалуу дарылоо үчүн дароо дарыгерге кайрылыңыз. Үйгө дарыгер чакырыңыз! Оорулунун дене табы өтө жогору болсо, тез жардам чакырыңыз.
Кызамыкты алдын алуунун эң эффективдүү жолу - бул эмдөө. Балдарыңыздын саламаттыгына кам көрүңүз, алардын 12 айында (КПК) жана 6 жашында (КПК ревакцинациясы) жасалуучу эмдөөнү алуусун, ошондой эле ҮМБ/ҮДТларда жана ФАПтарда бекер жүргүзүлүүчү 9 айдан 7 жашка чейинки кошумча эмдөө дозасын (ККВ) алуусун камсыз кылыңыз", - деп кайрылышты мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: