super.kg logo

Санкт-Петербургда өзбекстандык жаран уурдалган. Шектүү катары 3 Кыргыз жараны кармалганы айтылууда

 

Санкт-Петербургда Өзбекстандын жаранын барымтага алган деп айыпталган Кыргызстандын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Орусия ИИМинин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргенин басылмалар жазды.

Билдирүүгө ылайык, полицияга 19 жаштагы Өзбекстандын жараны арыз менен кайрылган. Ал арызында Фонтанка дарыясынын жээгинде белгисиз үч адам аны күч менен таксиге отургузуп, тапанча менен коркутуп, акча талап кылганын айткан. Жабырлануучу аларга 20 миң рубль которгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары таксист болуп иштеген 29 жаштагы кыргызстандык кармалып, кийинчерээк анын дагы эки шериги, Кыргызстандын жарандары да кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: