Ош. 2013-жылдын 11 айында облус аймагында 258 сибирь жарасынын чордону аныкталган
Ош облусунун аймагында 2013-жылдын 1-декабрына карата 258 сибирь жарасынын чордону аныкталган. Алай районунда 3, Араван районунда 22, Кара-Кулжа районунда 42, Ноокат районунда 1 жана Өзгөн районунда 146 мал жандыктардагы сибирь жарасынын бар экендиги белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 162сине дезинфекция жүргүзүлүп, цементтелген. 146 жерге атайын белгилер коюлган. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадов бүгүн, 18-декабрда коллегиялык жыйын учурунда билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

