super.kg logo

Бишкектеги тик учак кырсыгында жабыркагандардын бирөө ооруканадан чыкты

 

Бишкектеги тик учак кырсыгынан жабыркагандардын бирөө ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына Тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Илимбек Манапов билдирди.

"Жандандыруу бөлүмүндөгү эки адамдын бирөөсүн бүгүн Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясына котордук. Бирөөсү травматология бөлүмүндө. Бирөө ооруканадан чыкты. Баарынын абалы туруктуу", - деди Манапов.

Эске салсак, 17-январда 23 565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8 тик учагы саат 11:00 чамасында Достук айылына жакын жерде кулап түшкөнү кабарланган. Кырсыктан экипаждын командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркаган. Бул окуядан кийин бир катар жооптуу кызматкерлер кызматынан убактылуу четтетилген. Коргоо министрлиги кызматтык териштирүү башталганын, кырсык машыгуу учурунда болгонун маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: