super.kg logo
  Спорт  

Штефан Таркович курамга жаңы чакырылгандарды эмнеге күчтүү делген Сауд Арабияга каршы оюнда чыгарганын айтты

 

Кечээ, 21-январда Азия Кубогунун алкагында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Сауд Арабия менен кез келип, 0:2 эсебинде жеңилип калган.

Оюндун экинчи бөлүгүндө башкы машыктыруучу Штефан Таркович курамга алгачкы ирет чакырылган оюнчуларды алмашууга чыгарган. Оюндан кийинки комментарийинде Таркович мунун себебин түшүндүрдү.

"Бизде оюн тажрыйбасын топтоого муктаж болгон көп оюнчулар бар. Командада муун алмашуу процесси жүрүп, курам жаңырып жатат.

Албетте, жаракат алгандарды эске албай турган болсок, менин оюмча, азыр курамада өлкөнүн мыкты оюнчулары чогулган.

Жаңы оюнчуларды өнүктүрүү үчүн биз болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Бул процесс көп убакытты талап кылаарын түшүнүү зарыл. Мен Кадыржанов, Сталбеков жана Шамурзаевди, аларды жоопкерчиликти сезип, оюн тажрыйбасына ээ болуп, маанилүү турнирлерде оюндун атмосферасын сезиш үчүн оюн талаасына чыгардым", - деди Таркович.

Ошондой эле ал "Ак шумкарлар" Оманды жеңсе кийинки этапка чыгууга дагы мүмкүнчүлүгү болорун, бул беттеш менен баары аяктап калбаганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: