Сокулуктагы кыргыз-өзбек биргелешкен автоунаа заводу качан ишке кирери айтылды

Анын айтымында, завод биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча алгачкы продукцияны чыгара алат.
“Жол картасы бар, ага ылайык заводду ишке киргизүү ушул жылдын башына пландалган. Бирок аба ырайына байланыштуу долбоор жарым жылга жылдырылды. Ушул жылдын ортосуна чейин заводду ишке киргизебиз деп ойлойм. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча биринчи продукцияны чыгарууга аракет кылабыз. Бул жөнөкөй долбоор эмес. Аны туура жөндөп, керектүү технологияларды, роботтоштурулган шаймандарды орнотуу бар", - деди Амангелдиев.
Эске салсак, Кыргызстандын аймагына биргелешип автомобиль чыгарган заводду куруу тууралуу макулдашууга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин былтыр 26-27-январда Бишкекке болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.