"Дүрбөлөңгө түшпөңүздөр!". Өзгөчө кырдаалдар министри кайрылуу жасады (видео)
23-январга караган түнү өлкө аймагында орун алган жер титирөө боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты.
Министр Бообек Ажикеев күчү очогунда 7 баллга жеткен зилзала саат 00:09да Кытайдын аймагында катталганын айтты.
"Жер титирөө өзгөчө катуу деңгээлде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунда сезилди. Ал эми Бишкекте 4-5 баллдын тегеригинде болду", - деди Ажикеев.
Ошондой эле ал азырынча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Видео: ӨКМ
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.