ӨКМ: "Өлкө аймагында жер титирөө кайрадан кайталанат деген маалымат чындыкка дал келбейт"
Кыргызстандын аймагында жер титирөө кайрадан кайталанат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
"Социалдык тармактарда жер титирөөнүн кайра катталышы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан жалган маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагында 23-январга караган түнү саат 00:09да катталган жер титирөөдөн алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер-жерлерде маалымат топтоп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.