super.kg logo

Балыкчыда коррекциялык жардам көрсөтүү борбору ачылды 

 
Балыкчыда “Сантерра Север” коомдук фондунун алдындагы "Алгачкы кадамдар" майыптыгы бар өзгөчө балдарга карата коррекциялык кызмат көрсөтүү борбору ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган борбордун ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев катышты.
Ага ылайык, борбор балдардын сүйлөөсүн, жүрүм-турумун жана психологиялык абалын жакшыртуу, коомго социалдашуусуна багытталган.
Алгачкы кадамдар” аталышындагы борбор “Сантерра север” даун синдрому бар балдардын ата-энелеринин коомдук фондунун алдында ишке кирди. Борбордо психолог, логопед, дефектолог адистери тарабынан АВА терапия, сенсордук интеграция, АФК боюнча жардам көрсөтүлө баштайт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өзгөчө балдарга кам көрүүчү борбордо демөөрчүлөрдүн көмөгү менен оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп, керектүү жабдуулар алынып, бардык шарттар түзүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: