super.kg logo

Аламүдүн капчыгайында жоголгон жаранды издөөгө бүгүн 282 адам чыкты

 
Бүгүн, 23-январда таң эрте Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иши кайрадан улантылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда 282 адам чыкса, анын 172си министрликтин куткаруучусу. Анын ичинде 1 кинолог, 4 атчан бар. "Алар 6 дрон, 18 техника менен капчыгайда издөө ишине чыгышты. Ал эми ИИМден 110 адам 1 дрон, 4 техника менен чыгышты. Жалпы 22 техника, 7 дрон тартылды", - деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, 14-январь күнү Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М.уулу дайынсыз жоголгон. Министр Бообек Ажикеев дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алып, куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койгон. 20-январда издөө иштери убактылуу токтотулган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: