Чүйдө сугатка бөлүнгөн акча кымырылган. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду
Чүйдө сугат тармактарына бөлүнгөн акчаны кымырып алган кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Чүй облустук өнүктүрүү фондунун, Кызыл-Туу жана З.Кайназарова атындагы айыл өкмөттөрүнүн кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иштери козголду.
Текшерүүдө 2022-жылдын 24-августунда жогоруда аталган кызмат адамдары “Н.Л” ЖЧКсы менен “Сугат тармактарын капиталдык оңдоо” жана “Эски темир бетондук лотокторду алмаштыруу” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча түзүлгөн келишимдин талаптарын бузушуп, жасалма акт түзүшкөн. “Н.Л” ЖЧКсына 5 миллион 773 миң 813 сом акча каражатын которуп жиберишкендиги аныкталган.
"2022-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин “Н.Л.” ЖЧКсы тарабынан келишимде көрсөтүлгөн жумуштар аткарылбай, мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Учурда кылмыш иштердин тергөөсү Сокулук районунун ИИБине тапшырылып, тергөө амалдарын жүргүзүү алдында турат", - деп жазылат маалыматта.
