super.kg logo

"Достуктан" Өзбекстанга бара жаткан жасалма номур тагылган 7 унаа кармалды (фото)

 
"Достук" алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайында 7 унаага жасалма номер тагылганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-январда Өзбекстанды көздөй бара жаткан, "Достук" алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынан 7 унаа кармалган.
Иликтөөдө аталган жайдын аймагында автоунаалардын айдоочулары жасалма мамлекеттик номурларды тагышып, автотранспорт каражаттарына жасалма каттоо күбөлүктөрдү даярдашып, андан соң Өзбекстанга транзиттик унаа катары эмес, буга чейин бажы төлөмдөрү төлөгөн жана Кыргызстанда катталган унаа катары алып кирүүгө аракет кылышканы аныкталган.
Учурда автотранспорт каражаттарын каттоонун жасалма күбөлүктөрүн жана мамлекеттик номурларын даярдоонун жагдайларын аныктоо иштери жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: