ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору күн тартибинен дагы алынды
Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун күн тартибинен алды. Буга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун отурумга келбегени себеп болду.
Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков министр учурда иш сапарда экенин айтты.
Депутат Тазабек Икрамов аталган мыйзам долбоору буга чейин да отурумга министрдин келбегени үчүн каралбай, жылдырылганын белгиледи.
"Өткөндө да бул маселе жылдырылган. Бул орчундуу маселе болуп турат, жөнөкөй толуктоо мыйзамы эмес. Министр өзү келип баяндамасын жазасын", - деди эл өкүлү.
Жыйынтыгында депутаттар Тазабек Икрамовдун сунушун колдоп, мыйзам долбоору министр өзү келгенге чейин күн тартибинен алынды.
Белгилей кетсек, кечээ парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети, 16-январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салган. Анда депутаттар министр келбегенин, мыйзам долбоору коомдо кызуу талкууланып жатканын жүйө келтирип, аны күн тартибинен алууну сунуштаган.
Ага чейин 15-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Айбек Осмонов документте талаштуу беренелер көп деген негизде аны кайра иштеп чыгууну сунуштап, ал колдоо тапкан.
Документ Жогорку Кеңештин алты комитетине киргизилген.
