super.kg logo

Сокулукта Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу жай ачылды

 
Бүгүн, 23-январда Сокулук районундагы Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу жаңы муздак бөлмө ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жаңы сактоочу жай райондогу 200 миңден ашык адам, анын ичинде беш жашка чейинки 28 миң жаш бала үчүн вакцина сактоого мүмкүндүк берет. Бул Канада Өкмөтүнүн жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстан боюнча орнотулуп жаткан 11 жаңы кампалардын биринчиси. Бардык 11 бөлмөнүн жалпы баасы 35 миллион сомдон ашат.
Ага ылайык, ачылышына саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткарыуучу Кристина Бруджиолонун катышты.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон мырзага жана ЮНИСЕФке Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын чыңдоодо жана балдардын жана калктын ден соолугун коргоо максатында эмдөөнүн сапатын жогорулатууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: