super.kg logo

Ошто терминалдан акча уурдоого шектүү Бишкектен кармалды

 
Ошто төлөм терминалынан акча уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Ош ОИИБи кабарлады.
Маалыматка ылайык, былтыр 30-ноябрда милицияга Отуз-Адыр айыл аймагынын тургуну А.С. арыз менен кайрылган. Ал 30-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар дүкөнүнүн дубалын бузуп киришип, товарларын жана "О!" компаниясынын терминалынан 85 миң сомун уурдап кетишкендигин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1987-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен кармалып, камакка алынган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн башка 2 кылмыштуу шериктери да бар экендиги жана алар Сокулук районундагы башка уурулук фактылары боюнча шектелип, камакка алынгандыгы аныкталган.
"Шектүүлөр Отуз-Адыр айыл аймагындагы 2 дүкөнгө киришип, 2 акча салуучу терминалдагы акчаларды алышкандан соң видеобайкоо камералардын жазып туруучу түйүнүн чыгарышып, каналга ыргытып жиберишкени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: