Быйыл Орусияга Кыргызстандан 624 миң жаран барган
Орусиянын федералдык миграция кызматы 2013-жылдын 1-январынан 30-ноябрга чейинки аралыкта Орусия федерациясына 624 600 жаран барганын маалымдады. Бул тууралуу КРнын эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган мезгилде жумушка орношуу үчүн 118 300 кесипкөй жаран, 159 жогорку квалификациялуу адис уруксат алышкан. 2013-жылдын 11 айында Кыргызстандын жарандарына 94 200 патент берилген.
Орусиянын федералдык миграция кызматы берген маалыматка таянсак, 2012-жылы аталган өлкөгө 543 900 адам барып, жумушка орношуу боюнча 123 900 уруксат документи берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
-1

