super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда эки макулдашууга кол коюлду

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова, Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хассан Накви баштаган өкүлдөрү менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда тараптар энергетика жана суу ресурстары тармагындагы кызматташтыкты жогорулатуу, ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун Аткаруучу директорлорунун Кыргызстанга боло турган сапары тууралуу кенен талкуу жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк тобунун ортосунда “Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк тобунун өкүлчүлүктөрүн түзүү жана ишмердүүлүгү” жана “Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорун каржылоонун – 1-фазасы” жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлду.

Белгилей кетсек, энергетика тармагында Дүйнөлүк банк тарабынан колдоолор болуп келген, маселен Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча долбоорду каржылоого макулдук берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: