super.kg logo

"Эч нерсени эстей албайм...". Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилеген Эстебесов күнөөсүн моюнуна алган жок

 

Бүгүн, 23-январда Чүйдүн Сокулук райондук сотунда мурдагы жубайын бычактаган Азамат Эстебесовдун иши жабык эшик артында каралды. Соттук жараянга кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын жакындары, журналисттер жана аны колдоп келген активисттер киргизилген жок.

Отурумдан кийин жабырлануучунун жактоочусу Индира Саутова журналисттерге айыпкер Азамат Эстебесов күнөөсүн моюнуна албаганын айтты.

"Мен жасаган эмесмин, күнөөнү толугу менен моюнума албайм, эч нерсени эстей албайм деп жатат. Кайра туруп эстеп жатат. Ар кайсы шылтоону айтып, мага жин кирип кеткен, сүйлөй албайм деп жатты. Кулагыма башка кишилер угулуп жатат, башым ооруду, ооруканага алып баргыла деди. Күбөлөр жооп берип жатса, жинденип, кайра өзүнүн оюн айтып жатат. Ушундай жол менен жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жатат", - деди Саутова.

Ошондой эле ал айыпталуучуга буга чейин төрт жолу экспертизада "акыл-эси жайында" деген корутунду чыкканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: