super.kg logo

Алтынбек Максутов Катардын маданият министри менен жолукту 

 
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Катардын Доха шаарында Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында Катар мамлекетинин маданият министри шейх Абдулрахман бен Хамад бин Джассим бин Хамад Аль Тани менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушууда тараптар маданият тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун талкуулашты.
Ага ылайык, Алтынбек Максутов Катар тарапка жылуу кабыл алуу жана меймандостук мамиле үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз тараптын эки тараптуу маданий байланыштарды бекемдөөгө умтула берүүнү баса белгиледи.
Ал эми Катардын маданият министри өз кезегинде эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү Катардын Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин 2023-жылы Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бекемделгенин белгиледи. Министр ошондой эле кыргыздын салттуу маданиятына суктануусун билдирди.
"Аталган жолугушууда тараптар медиа тармагында тажрыйба алмашуу жана Кыргызстан менен Катардын маданияты, тарыхы, каада-салттары тууралуу тасма тартып, эки өлкөнүн элдерине тааныштыруу максатында тиешелүү адистердин өз ара иш сапарларын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: