Бишкекте Жаңы жыл күнү 4 миң доллар тонолгон. Шектүү жигиттер кармалды



Бишкек каракчылыкка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 4-январь күнү милицияга М.А. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Арызында ал 31-декабрь күнү саат 01:50 чамасында Кулиев жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар далысына бычак менен сайып, 4 миң долларын уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 1999-жылы туулган Ж.Э. жана 2001-жылы туулган К.Б. аттуу жарандар аныкталып, кармалды.
Азыркы учурда шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.