super.kg logo

Нурдан Орунтаев: "Бишкектеги бардык имараттар жер титирөөгө туруктуу"

 

Бүгүнкү күндө Бишкектеги бардык имараттар жер титирөөгө туруктуу. Мындай пикирин Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев бүгүн, 24-январда курулуш объектилерине болгон пресс-турдун алкагында билдирди.

Ал Бишкекте мамлекеттик текшерүүдөн өткөн көп кабаттуу үйлөр талапка жооп берерин жана алардын сертификаттары текшерилгенин айтты.

"Комиссиянын жыйынтыгына бардык мүчөлөр кол коюп берген. Анда бизде курулган объектилер бардык коюлган талаптарга жооп берет деген жыйынтыкка келдик. Объектилерди ар кандай инструменттер менен текшерип, бетондордун курамын, ошол жерде колдонулган арматура, материалдардын сертификаттарын карадык.

Булардын чындыгында экспертизадан өткөнүн, Мамкурулуш агенттигине караштуу сертификация кызматынан сертификаттарды алганын ошол жердеги журналдардан бери текшерип, кайсы партия менен кандай келгенин карап чыкканбыз. Бүгүнкү күндө Бишкектеги бардык имараттар жер титирөөгө туруктуу деп айтса болот", - деди ал.

Ошондой эле комиссиянын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары, эл өкүлдөрү жана тиешелүү кызматкерлер болгонун кошумчалады.






Нурдан Орунтаев: "Бишкектеги бардык имараттар жер титирөөгө туруктуу"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: