super.kg logo

Бишкекте кулаган тик учак: Депутат бир күндүк маянаны которууну сунуштады

 

Депутат Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир күндүк маянасын Достук айылына жакын жерде кулаган тик учактан каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө жана жабыркагандарга жардам катары которууну сунуштады.

Депутат ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер дагы бир күндүк маянасын тик учакты калыбына келтирүүгө жөнөтө алышарын айтты.

"Жабыркагандарга дагы, каза болгон жарандын жакындарына дагы Жогорку Кеңештин бир күндүк айлык маянасын чегерип берүүнү сунуштайм. Жалпы мамлекеттик кызматкерлерге дагы сунуштайт элем. Биздин тик учагыбыздын ишке жараксыз болуп калганы өтө өкүнүчтүү нерсе, Коргоо министрлигине дагы чоң жоготуу. Ошондуктан жалпы мамлекеттик кызматкерлердин бир күндүк маянасын чогултуп, ушул тик учагыбызды калыбына келтирүүнү, же башка тик учак сатып алууга сунуштайт элем", - деди Кундузбек Сулайманов.

Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында Кундузбек Сулаймановдун сунушу өтпөй калды. Тагыраагы бул сунушка 40 депутат "макул" (46дан кем эмес добуш болушу керек), 1 депутат "каршы" добушун берди.

Эске салсак, 17-январда 23 565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8 тик учагы саат 11:00 чамасында Достук айылына жакын жерде кулап түшкөнү кабарланган. Кырсыктан экипаждын командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркаган. Бул окуядан кийин бир катар жооптуу кызматкерлер кызматынан убактылуу четтетилген. Коргоо министрлиги кызматтык териштирүү башталганын, кырсык машыгуу учурунда болгонун маалымдаган.






Депутат бир күндүк маянаны тик учактын кулоосунан жабыркагандарга которууну сунуштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: