Бишкектеги №47 абактын ордуна салынып жаткан үйлөр канча баллга туруштук берет? Орунтаев жооп берди (видео)
Бүгүн, 24-январда Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев ЖМК өкүлдөрүн мурунку №47 түзөтүү абагынын ордуна салынып жаткан объекттин курулушу менен тааныштырды.
Ал 23-январга караган түнү болгон жер силкинүүдөн кийин өлкөдө курулуп жаткан объектилердин сапаты, туруштук бериши боюнча суроолор болуп жатканын айтып, мамлекет тарабынан салынып жаткан курулуш менен журналистерди тааныштыруу үчүн чакырганын белгиледи.
"Азыркы турган жер мурунку №47 абыгынын ордуна курулуп жаткан объект. Бул кандай технология менен курулуп жатканын иш жүзүндө көргөзүп берели дедик. Бул объекти негизинен сапаттуу материалдар менен курулуп жатат жана жума сайын атайын биздин кызматкерлер текшерүүгө алууда. Объект 9 баллга чейин туруштук бере алат", - деди ал.
Ошондой эле Орунтаев ЖМК өкүлдөрү кайсы объектини көрөбүз десе агенттик алып барууга даяр экенин айтты.
Эске салсак, 2022-жылы 29-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №47 түзөтүү абагы шаар сыртына көчүрүлгөнүн, ордуна турак жай комплекси курула турганын айткан.
24.01.24
