super.kg logo

Бишкектеги №47 абактын ордуна курулуп жаткан үйлөр качан пайдаланууга берилери айтылды

 

Ушул тапта Бишкектеги №47 түзөтүү колониясынын ордуна ипотекага көп кабаттуу турак жай комплекси курулуп жатат. Бул объектти куруу үчүн подрядчы катары "Аманат Строй Инвест" компаниясы тандалганынын бүгүн, 24-январда Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев суроолорго жооп берип жатып билдирди.

"Бул президенттин иш башкармалыгы тарабынан курулуп жаткан объекттердин бири. Сапаттуу материалдар менен курулуп жатат, жума сайын атайын биздин кызматкерлер текшерүүгө алууда. Объект 9 баллга чейин туруштук бере алат", - деди ал.

Буга чейин президент Садыр Жапаров колониянын ордуна "кичи район салынып жатканын, бир жарым жылдын ичинде бүтөрүн айткан. "5500 үй-бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак жай беребиз" деген өлкө башчы.

Орунтаевдин орун басары Талантбек Иманакун уулу курулуп жаткан үйлөр 2027-жылы колдонууга бериле баштайт деп ишендирди.

"Бул аймакка 18 кабаттан 24 кабатка чейин жалпы 39 үй курулат. Калкты үй менен камсыздоо максатында былтыр социалдык долбоор катары курула баштаган. Биринчи, экинчи этапты эске алганда 2027-жылга чейин курулуш аяктайт деп жатабыз", - деп билдирди ал.

Ал эми прораб болуп иштеген Апыш Турдугулов курулуп жаткан объекттин сапаты боюнча мындай дейт:

"Фундамент жыш куюлган. Арматура бүт Орусиядан келген, лабораториядан өткөргөнбүз. Бул көп кабаттуу үйдүн курулушуна 6 жарым миллион арматура кетти. Атайын адистер текшергенден кийин гана бетон куюла баштайт. Жалпы 120 адам иштеп жатат. Курулуштун сапатынан кооптонууга негиз жок. Кечээ жер титирөөдөн кийин келип текшерсек бир жери да эч нерсе болбоптур", - деди Турдугулов.

Белгилей кетсек, 2022-жылы 29-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8,5 гектар аянтты ээлеген №47 түзөтүү абагы шаар сыртына көчүрүлгөнүн, ордуна турак жай комплекси курула турганын айткан.

Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын мурунку төрайымы Аида Төлөгөнова комплексти президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасы кура турганын айтып, анын чарчы метри 550 доллардан ашпайт деген.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети объекттерди куруу үчүн 1 миллиард сом бөлүүгө макулдугун бергени маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: