super.kg logo
  Саясат  

“Эйр Кыргызстан” жаңы учак сатып алууну көздөөдө

 
“Эйр Кыргызстан” компаниясы орусиялык “Сухойдун жарандык учактары” компаниясынан Superjet-100 үлгүсүндөгү эки учак сатып алууну көздөөдө. Бул боюнча кызматташуу меморандумуна кечээ, 17-декабрда кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында кол коюлду. Компаниянын президенти Жолдошбек Бектургановдун айтымында, бир учакты техникалык грант, экинчи учакты болсо лизинг аркылуу сатып алууну көздөөдө. Бул үчүн компания Транспорт жана коммуникациялар министрлигине атайын өтүнүч кат да жиберди. Азырынча учак баасы бычыла элек. Жакынкы аралыкта орусиялык компания учактын баасы боюнча коммерциялык сунуш жөнөтүшү керек.Белгилей кетсек, Superjet-100 үлгүсүндөгү учак 2008-жылдан чыгарыла баштаган. Баштапкы баасы 35 миллион долларды түзгөн учакка 103 адамга чейин батат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: