super.kg logo

Камчыбек Ташиев Индияда операция жасатып келген 11 жаштагы Дайырбек менен жолукту

 

Чет өлкөдөн операция болуп келген 11 жаштагы Дайырбектин үй-бүлөсү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында "Бүгүн, 24-январда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Индияда сөөк чучугун алмаштыруу операциясынан өткөн Маматкалыев Дайырбек менен кайрадан жолугушту", - деп айтылат.

Маалым болгондой, буга чейин Дайырбек Индияда жилик чучугун алмаштырууга муктаж болуп, ата-энеси 2022-жылдын декабрь айында УКМК төрагасы Ташиевге жардам сурап кайрылышкан.

Ташиевдин көрсөтмөсү менен 2022-жылдын 23-декабрында Дайырбекти Фортис клиникасына (Индиянын Нойда шаарында жайгашкан) жөнөтүлгөн жана операциясын каржылоого көмөк көрсөтүлгөн. Ийгиликтүү операциядан кийин Дайырбектин ата-энесин Камчыбек Ташиев кайрадан кабыл алган жана Маматкалыевдин толук айыгып кетүүсүнө колдон келген жардамын көрсөтүүгө убадасын берген.

Былтыр 28-декабрда Дайырбек атасы менен кайрадан Индияга текшерүүдөн өтүү үчүн жөнөп кетишкен жана Бишкекке келгенден кийин Камчыбек Ташиевге жолугушуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жыйынтыгында бүгүн, 24-январда жолугушуу болуп, Дайырбектин үй-бүлөсү Ташиевге көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: