Бишкекте дагы бир жаңы автобус каттамы ишке кирет (схемасы)

Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, 25-январдан тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет.
Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана экологиялык жактан таза транспорт түрүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылат.
"Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Чыңгыз Айтматов проспекттерин камтыйт. Анын узундугу 24 километр, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Каттамда 25 автобус кызмат көрсөтөт. Аталган каттам №55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт", - деп жазылат анда.
Буга чейин мэрия Бишкекти чоң унаалар менен айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландаганы кабарланат.
