super.kg logo

"Майда жаракалар бар". Аймактарда жер титирөөдөн жабыркаган имараттар текшерилүүдө

 
Жарандык коргонуу комиссиялары аймактарда жер титирөөдөн жабыркаган имараттарды текшерүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Өзгөчө кырдаалдар минитстрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, табигый кубулуштун кесепетинен жабыркаган имараттар бар.
Ысык-Көл облусунун аймагында 18 социалдык мекеме жана 9 турак үй текшерилип, дубалдарынан майда жаракалар кеткени аныкталган. Ал эми эски 1 турак үй авариялык абалда экени айтылат.
"Нарын облусунун райондоруна комиссиялар тартылып, тактоо жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Облуста 3 социалдык мекеме, 6 үй жана 1 турак жайдын кире бериши текшерилди.
Жалпысынан 2 облустан 21 социалдык мекеменин, 16 үйдүн дубалдарынан майда жаракалар кеткен жана 1 эски үй авариялык абалда. Бүгүн 11 үй Жарандык коргонуу комиссиясынын көзөмөлүнөн өтүүдө", - деп жазылат анда.
Мындан сырткары Чүй облусунун Чүй, Москва райондорунун 2 мектеби текшерилип, мектептин жаракалары жер титирөөгө тиешелүү эместиги аныкталганы айтылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: