super.kg logo

Украинадагы согушка катышканы үчүн кармалган жигит абактан пробация менен бошотулду

 

Украинада согушка катышкандыгы үчүн кармалган кыргызстандык К. уулу А. абактан пробация менен бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, ал кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган.

"Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде К.уулу А. үч жылдык мөөнөткө пробация көзөмөлү менен жазасын өтөөдөн бошотулду. Айыпталуучу К.уулу А.га карата камакка алуу түрүндөгү тандалган баш коргоо чарасы соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин ошол жерден кетпей туруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлдү", - деп билдиришти райондук соттон.

Белгилей кетсек, Аскар Кубанычбек уулу 2023-жылдын 11-январында Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан делген шек менен кармалган.

Ал былтыр 16-майда Биринчи Май райондук соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Муну менен Аскар Кубанычбек уулу Кыргызстанда биринчи жолу Украинадагы согушка аралашып, жоопкерчиликке тартылган жаран.

Аскар Кубанычбек уулу сотто ал согуш талаасына өз ыктыяры менен барганын, Орусиянын жарандыгын алууну каалап жүргөнүн билдирген.

Көп өтпөй кыргызстандык Орусиянын бийлигине кайрылып, ага жарандык берүүнү өтүнгөн. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги буга реакция кылып, маселе каралып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: