Жер титирегенде сирена эмнеге иштеген эмес? ӨКМнын жообу
Жер титирөө болгондо элди катуу дүрбөлөңгө түшүрбөйлү деп сиреналарды иштеткен жокпуз. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов бүгүн, 24-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Жыйында эл өкүлү Алишер Козуев өлкөдө болгон акыркы кырсыкта айгай сиреналары эмнеге иштебегенине кызыкты.
Мамбетов негизинен ал абадан кол салуу учурунда иштетилерин айтып, элди катуу дүрбөлөңгө түшүрүп албайлы деген бүтүмгө келишкенин билдирди.
Ошондой эле ал өлкө боюнча 274 жерге сирена орнотулганын кошумчалады.
"Өлкө боюнча 274 сирена орнотулган. Анын жарымы СССРден калган үлгүдөгү сиреналар. Бирок бардыгы эле иштейт", - деди Мамбетов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.