super.kg logo
  Саясат  

Этникалык кыргыздарга берилүүчү кепилдиктер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамда белгиленген үлгүдөгү документ (кайрылмандын күбөлүгү) менен ырастала турган адамдын укуктук статусунан тышкары, ошондой эле социалдык статусун караган “кайрылман” жана “кайрылмандын статусу” түшүнүктөрү кайра каралган.

Социалдык статус берүү жана ырастоочу документтин болушу кийин кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан кепилденген социалдык жеңилдиктерди, анын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык-санитардык жардамды, ошондой эле калктуу конуштардын жерлеринин категориясынан турак үй куруу жана тейлөө, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер участокторун пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: