Балбак Түлөбаев Эмилбек Абдыкадыров тууралуу айткан сөзүн кайра артка алды (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Абдыкадыров тууралуу айткан сөзүн кайра артка алды.
"Кечээ күнү Ысык-Көл облусунун генпланы боюнча "Ысык-Көлдүн губернатору иштейби же иштебейби" деп сын айттым эле. Ошол сөзүмдү кайра элем. Генплан Мамкурулушта экен, жакында бизге алып келе турган болду. Муну дагы айтканды билиш керек, жөн гана туура эмес маалымат болуп калган", - деди Түлөбаев.
Кечээ, 24-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Балбак Түлөбаев министрлер кабинети токтомдорду мобилдүү иштеп чыгып жатканын, бирок Ысык-Көл облусунун башкы планына келгенде ал жайлап жатканын айткан.
"Ысык-Көл облусунун жаңы губернатору иштейби же иштебейби? Эртерээк акимдерге, айыл өкмөттөргө айтып, Ысык-Көл облусунун генпланын эртерээк бербейсиздерби. Сезон келе жатат", - деген Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев Эмилбек Абдыкадыров тууралуу айткан сөзүн кайра артка алды



