super.kg logo
  Саясат  

Суу ресурстары жана айыл чарба секторунда Дүйнөлүк банк менен ири долбоорлор ишке ашат

 
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын регионалдык Борбордук Азия боюнча директору Татьяна Проскурякова, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул туралуу бүгүн, 25-январда аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө Кыргызстандагы суу ресурстарынын жана айыл чарбасынын учурдагы абалы, ошондой эле өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.
Ага ылайык, өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү максатында айыл чарбасындагы инновациялык ыкмаларды, сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен сууну туруктуу пайдалануу, кайра иштетүү өнөр жайларын жана соода-бөлүштүрүү борборлорун өнүктүрүү сыяктуу маанилүү аспекттер белгиленди.
"Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова финансылык жардамдын көлөмүн көбөйтүү мүмкүндүгү каралган кызматташуунун үч маанилүү багытын, атап айтканда энергетика, суу ресурстары жана айыл чарба секторун белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун аткаруучу директорлорунун Кыргызстанга боло турган иш сапарынын маселелери жана 2024-жылдын апрелинде Бишкек шаарында өткөрүлө турган Агрфорумдун уюштуруу маселелери талкууланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: