Бокс боюнча улуттук курама команда Эл аралык мелдешке катышат
Бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү София шаарында (Болгария) өтө турган “Сранджа” Эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.Маалыматка ылайык, мелдеш 2-12-февраль күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- 48 килограмм Анваржан Хождиев;
- 51 килограмм Бекзат Эргешов;
- 54 килограмм Руслан Эрнест уулу;
- 57 килограмм Ислам Төрөбаев;
- 60 килограмм Баяман Азизбек уулу, Рысбек Бектенов;
- 63.5 килограмм Аскат Култаев;
- 71 килограмм Элдар Турдубаев;
- 75 килограмм Султан Асанкул уулу, Даниель Абдрахманов;
- 86 килограмм Бекбол Мурасбеков.
Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги астында мелдешке катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















