super.kg logo

"Бензин чачып, өрттөөгө аракет кылган...". Үй алам деп 50 миллион сомун алдаткандар сотко нааразы

 

Бишкекте үй алам деп жалпы 50 миллион сом өлчөмүндө акчасын алдатканын айткан жарандар акыйкаттык издеп 25-январда SUPER.KG порталына кайрылды.

Алардын айтымында, Жалал-Абад облусундагы Кербен шаарынын Манзура Кочкорова аттуу тургуну эки жыл мурун 15 үй-бүлөдөн үй салып берем деп ири өлчөмдө акча алган. Кочкорованын акчаны кайтарып бербегенинен тургундар арыз жазганын, сот процесси эки жылдан берип создугуп жатканын айтышат.

Сокулук районунун тургуну Адилет Какеев 2022-жылы 9 миң долларын үй салдыруу үчүн аты аталган жаранга берген. Эми ал "акчамды кайтарып алам" деген үмүттө адилет чечим издеп Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна күн алыс каттап жүрөт.

"Сокулукта жерим бар, ал жерге үй салайын деп жүргөм. Таанышым аркылуу Манзура менен байланышып калып, алдын ала 9 миң доллар бергем. Тилкатты нотариус аркылуу жаздырып алайын десем, паспортунун мөөнөтү бүтүп калганын, жакын арада аларын айтып, кагазга тилкатты мындай эле жазып берген. "Компанияңардын документтерин көрсөтүңүз" десем кийин үйдүн проектисин чийгенге келгенде ала келем деп ошондон кийин жоголуп кетти. Бир жолу гана 150 миң сом берди. Азыр менден 4 миң доллар гана алгам деп жатат. Анысына деле макул болдум, бирок бербей жатат. Ал менен сүйлөшкөнүбүздүн баарын жаздырып, видеого тартып алгам. Бирок сот карабай жатат. Сотко күн алыс каттап жүрүп тажап деле кеттим. Албай эле коёюн дейм, бирок бул аз акча эмес да. Маңдай терибиз менен тапкан акчабыз. Таанышым айтып жатканынан улам ишенгем да", - дейт ал.

Жабырлануучулардын бири Гүлшан Аламаматова Манзура Кочкорова менен 22 жылдан бери тааныш экенин, үй алып берем деген максатта 5 миллион сом алганын, бирок аягында кандайча алданып калганын билбей калганын айтып берди.

"Аяшым болот. Күйөөсү камалып кеткенден кийин биздин үйгө балдары менен жашап калды. Кызы мени апа деп калган. Ал иштеген учурда балдарын мен карачумун. Кийин деле мамилебиз үзүлгөн жок. Ортобузда уруш-талаш деле болгон эмес. Үй сатып ала турганымды билчү. "Мен жашаган жакта жалгыз бир кемпир жашайт, үйү сатылып жатыптыр, алып албайсыңбы. Сени бир айда эле бул үйгө киргизип коём" деп көндүргөн. Ага ишендим, анткени тырышчаак, иштен качпай турган кыз болчу. Тааныштарыма да бул үй алып берет деп айтып, ортодо ортомчу болуп калдым. Эл мен аркылуу Манзура менен таанышып, мен аркылуу акчаларын берген. Ал адамдар ызылдап, "сен бизден алып ага бергенсиң, төлөп бер" дегенинен өзүм төлөп бергенге мажбур болдум. Кредиттин үстүнөн кредит алып айлам кетти. Алдангандардын көбү менин тааныштарым. Кадамжайлык тургундан да ушундай жол менен 1 жарым миллион сом алдап алыптыр. Ал арыз жазгандан кийин Кадамжайдан камалды. Ошондон кийин биз да шек санап, арыз жазганбыз. Бишкекте СИЗОго эки айга камалып, бирок жазасын албай же акчаны бербей чыгып кеткен", - дейт тургун.

2022-жылы октябрь айында сот отуруму өтүп жатканда күбө катары өтүп жаткан жаран айыпталуучуну көздөй бензин чачып, өрттөө аракети болгонун бир катар ЖМКлар жазып чыккан. Социалдык тармактарга бул окуядан кийинки ызы-чуу тартылган видео тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. "Элдин кысымынан кийин жашагым келбей калган" деген Гүлшан Аламаматова айыпталуучуга бензин чачкан жаран ал экенин айтып, окуянын чоо-жайын мындайча айтып берди.

"Өзүмө эки жолу кол салдым. Бир жолу үйдөн кечинде газды жандырып жатып алдым. Жанымда эки кичинекей балам бар болчу, мен өлсөм аларды ким карамак эле. Чогуу эле ууланып, өлөлү дегем. Ичер суубуз бар экен, анда аман калдык. Кийин сотко жабырлануучу катары мен да арыз жазгам. Бирок арызымды кошпой, күбө катары жазып коюшуптур. Менден да миллион сом акча алганын, жабырлануучу экенимди айтсам да отурумга киргизбей коюшту. Ызаланып май куючу жайга бардым. Жанымда суу ичкен желим бөтөлкө бар болчу, ошого бензин алайын десем сатпайт экен. Ары жакта бир бала машинасына май куюп жатыптыр, ошодон 100 грамм куйдуруп алдым. Сотко кайра келип бензинди башымдан ылдый куйдум, Манзурага түбүндө калганын чачып жибердим. Биринчи өзүмө өрт тутандыргычты жандырсам жанбай калып, ага жандырсам жанып кетти. Эч ким жабыркаган эмес, болгону анын бетинде тырмактын изиндей болгон гана так калыптыр. "Өлтүрүүгө аракет кылды" деп мага арыз жазышкан", - деп көзүнө жаш алды.

Мындан сырткары, алданып калдык деген жарандар Манзура Кочкоровадан тилкат жаздырып алышканын, бирок ал "мен жазган эмесмин" деп моюнуна албай жатканын айтышты.

Жабырлануучулардын жактоочусумун деген Рысбек Шаршеев сот иштери создугуп жатканын айтып, мындан улам ишти өз көзөмөлүнө алууну президент Садыр Жапаровдон суранды.

"Эки жылдан бери 15 үй-бүлөнүн мүчөлөрү соттон кетпей жүрөт. Сот бир тараптуу карап жатат. Экинчи тараптын өтүнүчтөрүн токтоосуз кабыл алып жатат. Айыпталуучу акчаны бербей же сот чечим чыгарбай келет. Үч жактоочусу бар. Экспертиза дайындалган, жыйынтыгы 2-3 ай бою создукту. Жабырлануучулар сотко 6 жолу ишенбөөчүлүк көрсөткөн, бирок эч майнап чыккан жок", - деп билдирди Шаршеев.

Манзура Кочкорова менен байланышып, бул окуя тууралуу андан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. SUPER.KG порталы экинчи тараптын пикирин да угууга даяр.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: