super.kg logo

Бир катар окуу жайлардын жетекчилик кызматына сынак жарыяланды. Талаптары

 
Өлкөдөгү бир катар окуу жайлардын директору кызмат ордуна сынак жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган министрлик төмөнкү бош кызмат орундарына сынак жарыялайт:
- Ыбырай Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору бош кызмат ордуна (дареги: Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Гебзе көчөсү 120);
- Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору бош кызмат ордуна (дареги: Бишкек шаары, Московский көчөсү 123/1);
- Насыр Давлесов атындагы республикалык маданият жана искусство колледжинин директору бош кызмат ордуна (дареги: Чүй облусу, Токмок шаары, Дубовицкий көчөсү 153);
Аталган кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, педагогикалык же жетекчилик кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес.
Директордун кызматтык милдеттери:
- директор мекеменин уставынын негизинде өз укуктарын жана милдеттерин ишке ашырат жана мекеменин ишинин натыйжалары үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- штаттык жана финансылык тартиптин сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
- буйруктарды чыгарат, бардык кызматкерлер жана студенттер аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
- педагогикалык жана администрациялык персоналдын курамын түзөт;
- мекеменин ички тартибин, түзүмүн бекитет;
- өзүнүн орун басарларын дайындайт;
- мекеменин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитет;
- монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу контракттык окутуунун наркынын сметасын бекитет.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- арыз;
- паспорт;
- кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин жана телефондорун көрсөтүү менен);
- резюме;
- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
- билим берүү мекемесин өнүктүрүүнүн перспективдүү планы.
Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө ушул жылдын 25-январынан 7-февралга чейин тапшырылууга тийиш экени маалымдалат.
"Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78, №106 кабинет (саат 9:00дөн 18:00гө чейин), байланыш телефондору: 0 312 623 639, 662 683.
Талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга катышууга жол берилбейт", - деп жазылат анда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: