Баткендеги лицейде мугалим окуучуга кол көтөргөндүгү үчүн иштен алынды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейинде окуучунун сабалган окуясына байланыштуу мугалим менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан алынды. Бул тууралуу аталган лицейдин администрациясынан кабарлады.
Маалыматтарга караганда, аталган билим берүүчү жайдын директорунун жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат. Бул окуяга байланыштуу мекеме жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурайт.
Белгилей кетсек, окуя ушул жылдын 22-январында Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейинде болгон. Учурунда жазылган видео социалдык тармактарга тарап, анда мугалим окуучуга кол көтөргөнүн көрүүгө болот.
Мындан улам облустук милиция аталган факты Бирдиктүү реестрге катталганын билдирип, териштирүү жүрүп жатканын кошумчаланды. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы балдардын укуктарын коргоо боюнча комиссия түзүлүп, жеринде анализге алуу үчүн даярдыктар жүрүп жаткандыгын маалымдашты.
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейде балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурап, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана мугалим иштен бошотулгандыгын билдирди. Ал эми директордун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат" деп билдиришти министрликтен.

