super.kg logo

Тилекмат Куренов мындан ары бийликти сындабай турганын айтты (видео)

 

Бийликти сындап келген жарандык активист Тилекмат Куренов (Кудайберген уулу) мындан ары бийликти сындабай турганын айтты. Бул тууралуу активист социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Анда ал мындай чечим жеке жашоосуна байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

"Урматтуу туугандар, мен мындан ары бийликти сындабайм жана саясат жөнүндө сүйлөбөй эле койоюн деп чечтим. Бул менин жеке жашоомо байланыштуу. Туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. Азырынча ушундай чечим кабыл алдым, баарыңарга ийгилик", - деген активист.

Эске салсак, 10-январда УКМК Имамидин Ташов менен Тилекмат Кудайберген уулу Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүнүн 245-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгонун, аларга карата издөө жарыяланганын кабарлаган.






25.01.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: