super.kg logo

Сапар Исаков менен Мурат Рамоновдун түшкөн сүрөтү жарыяланды

 

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов өзүнүн социалдык баракчасына мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Мурат Рамоновдун чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Сүрөттө "6-октябрь 2020-жыл" деген дата жана "машина белек кылган учурда чогуу түшкөн сүрөт" деп жазылган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Камчы Көлбаев октябрь окуясында Сапар Исаковду колдогонун айтып, ага брондолгон Мерседес унаасын бергенин билдирген.

Ошондой эле Садыр Жапаров маекте буга далилдер бар экенин айткан.

"Эсиңерде болсо, октябрь окуясында Сапар Исаков менен Атамбаев Камчы Көлбаев белек кылган зооттолгон унаа менен аянттан качышкан. Ошондо белгисиз бир киши травматикалык тапанча менен унааны эшикке аткан. Ал унаа ушул күнгө чейин бир жер төлөдө сакталып туруптур. Желим ок тийген эшиги оңдолбостон, ошол эле бойдон экен. Кечээ жакында жер төлөдөн табылып, унаанын кожоюну, кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамонов көрсөтмө берип, Сапар Исаковго кайсы дарекке, кайсы убакта Камчы Көлбаевдин тапшырмасы менен алып барып бергенин (6-октябрь күнү) айтып берди. Ошол үчүн толук далилдер бар деп айтып жатам", - деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: