24.01.24. Өлкөдө өзгөчө датада 200гө жакын түгөй баш кошту





Өлкөдө 24.01.24 сандарын камтыган кооз датада 184 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, борбор калаада 41 түгөй, анын ичинен 14 түгөй Бакыт өргөөсүндө баш кошушту. Ал эми Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 салтанат өткөн.
Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти 2023-жылы өлкө боюнча 44 миң 776 нике каттаган. 2022-жылга салыштырмалуу нике каттоосу 1 миң 430га көбөйгөнү айтылат.
"Никеге туруп жаткан түгөйлөр арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никелешүү мамлекеттик каттоо жолу менен жүргүзүлөт. Никеге туруп жаткан түгөйлөрдүн каалоосу боюнча никелешүүнү ЖААК бөлүмдөрүнүн имаратынын ичинде, ошондой эле имараттан тышкары жерде салтанаттуу жагдайда жүргүзүлүшү мүмкүн", - деп жазылат анда.
2024-жылдын январь айында 2 миң 838 түгөй никеге турган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:41
2025-07-02
0:26
2025-07-02

23:45
2025-07-01

22:42
2025-07-01

20:55
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.